super.kg logo

180 орундуу мектепте 1 200 окуучу! Бишкектеги Ак-Бата конушунун жашоочулары "мектеп курулсун" деген талап менен акцияга чыкты

 

Бишкек шаарынын Ак-Бата конушундагы №43-мектеп 180 балага ылайыкталган. Бирок ушул тапта анда 1 200 окуучу билим алып жатат.

Буга байланыштуу 28-ноябрда Балдарды коргоо борборунун демилгечи тобу жаңы мектеп салынсын деген талап менен акцияга чыгышкан. Бул тууралуу борбордун башчысы Кумар Эргешова билдирди.

Анын айтымында, 180 орунга ылайыкталган мектепке Ак-Бата, Ак-Жар жана Адилет конуштарынан окуучулар келет.

"Бирок мектеп тар. Бир кабат болгон кичинекей мектепте он эле класс бар, балдар кысылып отуруп окушат. Мектептин ичине кирсең аба жетишпейт. Беш жылдан бери өкмөт курулат деп куру убадасын берип келе жатат. Балдарды деле аяшыбыз керек да. Мындан улам биздин демилгечи топ бүгүн тургундардан кол топтодук. Эми тиешелүү тараптарга кайрылабыз", - деди ал.

43-мектеп 1-4-класска ылайыкталып курулган, бирок анда 1-9-класска чейин окутулууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар колдойбуз. Ар кайсы бурчтарга мечиттерди салгандын ордуна мектеп салышпайбы. Мечити жок деле кун отот. Бала бакча жетишпейт. Балдардын келечеги, бугунку алган билиминен коз каранды.
pat12 түзөттү 2018-11-29 09:26:03
29.11.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллиондогон доллар сарптап мечит салышты ажо баш болуп. Андан коро Туркиянын этегине намаз окусанар да мектеп салдырып алсанар болмок. Ошол кеткен мечиттин акчасына он килейген мектеп салынмак... Акмак эле элбиз да..Ыйман показуха эмес журокто болуш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: