Жалал-Абад: Кадыржан Батыровдун "Достук" университетинин имаратын оорукана кылып пайдалануу сунушталууда

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 15-июлда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Алгач обладминистрацияда жергиликтүү активисттердин катышуусунда жыйын болуп, аймактагы көйгөйлөр талкууланды. Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгери Абдилатип Шамшиев "шаарда мечиттер көп, бирок ооруканалар аз. Демек жаңы оорукана куруу учурдун талабы. Шаардагы "Достук" университетинин имаратын оорукана кылып пайдаланалы",- деген сунуш айтты вице-премьер-министрге. Тайырбек Сарпашев бул маселени карап чыга турганын билдирди. Айта кетсек, аталган жеке менчик окуу жай 2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровго таандык болчу.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

