super.kg logo

СПИД борбору: "Кыргыз жеринде быйыл ВИЧ илдетин жыныстык жол менен 384 адам жуктуруп алган"

 

Бишкекте 29-ноябрда “Өз ВИЧ-статусуңду бил” деген темада коомдук талкуу өтөт. Иш-чара СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Белгилүү болгондой бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган 8 миң 679 учур расмий катталган. Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө илдетти жуктуруп алуу жолдору өзгөрө баштады. 2018-жылы ВИЧ илдетин жыныстык жол менен 384 адам жуктуруп алган. 2018-жылдын 9 айында 605 ВИЧ оорулуу адам аныкталды.

Жыл сайын СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү алдын алуучу программаларга тартылган бардык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирип келет. “Өнөктөштүк тармак” Ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев: “Алдын алуучу программаларда ВИЧти дарылоо үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда олуттуу жетишкендиктерди көрүп турабыз, саясий эрк да бар, мамлекеттик каржылоого өткөргөндөн кийин ВИЧке байланышкан программаларда прогрессти байкоого болот. Бирок дагы өтө көп иштер жасалышы керек. Өзгөчө ВИЧ менен жашаган адамдарга карата улам күчөп жаткан стигманы жана басмырлоону токтотууда көп иштер жасалышы керек”, - деп билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.11.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Катуу контрол кылбаса бул жагдайдан чыга албайсынар эч. Мурда наркомандар негизи источниктер болсо азыр жыныстык жактан жуктургандар кобойуп атат. Канчасы канында вич бар экенин билбей журот. Ар бир адам анализ тапшырышы керек. Аныктагандан кийин анан контролдош керек. Азыр негизги источниктер, наркомандар, менттер, медиктер, гомосексуалдар, анан мигранттар
taalay25 түзөттү 2018-11-28 20:58:26
28.11.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taalay25, Медиктер менен Менттер эмнеге?!
28.11.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
AIA-TOO, медиктерге аркандай адамдар келишет, кан аркылуу жугуп калышы мумкун, менттер шаардагы сойкулардын баарын беш колдой таанышат, субботник кылып баарын пайдаланып корушот. Ошого
28.11.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taalay25, Туура айтасыз байке...
28.11.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зына корлук жоголмойун,Спид оорусу жоголбойт!!!Никесиз байланыш канча көбөйсө,Спид оорусу ошончо көбөйөт!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: