super.kg logo

Кыргыз жерине алыс жактан учуп келген сейрек кездешүүчү канаттуулардын саны көбөйдү (фото)

 

Кыргыз жерине алыс жактан учуп келген сейрек кездешүүчү канаттуулардын саны көбөйдү. Буга "Соң-Көл" жана "Ысык-Көл" биосфералык аймактарындагы фотокапканга тартылган сүрөттөр далил боло алат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин маалыматы боюнча Кыргыз жерине жыл сайын 350дөн ашуун сейрек кездешүүчү канаттуулар учуп келишет. "Кызматкерлерибиз жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөгө, жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу керектигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү канаттуулардын саны көп. Анын ичинде фламинго кыштоо үчүн да, мезгилдик миграция учурунда да келери айтылат. Фламинго Африкада, Азербайжанда, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азияда, Түштүк жана Борбордук Американы байырлайт.

"Куркулдак куулар кыштоого келип, уя курушат. Мергенчиликке тыюу салынганына карабастан куркулдак куунун саны азайып кеткен. Азыркы тапта алардын саны 991ге жакын. Илегилектин саны да азайып кеткен. Булардын түрү жок болуу коркунучунда турат. "Ысык-Көл" биосфералык аймагында 1-2 кара илегилек уя курган. Жалпысынан Кыргыз жеринде тоодак, тоо каздары, кара баштуу чардак, ак чардактар байырлашат, - деп билдирет Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
28.11.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алыс жактан өңү-түсү суук бир сары Аарыда учуп келиптир, чакканда тиммеле Аллергия болуп кытышып, шишип, температура көтөрүп ийет экен, элдин Аарысындай эмес...
28.11.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
AIA-TOO,Аны айылда китайский аары деп коёт экен..
28.11.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
jengoo,Кытайлар Аарыныда жасап чыгышыптырбы? Кашмар.
29.11.2018. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AIA-TOO,кытайдан келген мөмө-жемиш же таттуулардын арасында... то есть жүк ташыган машинанын ичинде келет ал эч нерсе эмес. Кытайдын экинчи сорт кишмлери машинанын ичинде келишет экен.
29.11.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
barsbegKG,экинчи сорт эмнелер?
29.11.2018. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AIA-TOO,Ооба кичинекей кезде мен айылдан көргөм 2009- же 2008 жылы көргөм ага уже 9-10 жыл болуп калды аарынын уюгун көргөндө жөн туралбай бузуп-талкалаганча жаным жай алчу эмес.
28.11.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Abailagyla zika da kelishi mumkun
28.11.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм жакшыгоо.
28.11.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канаттуулар соонун го...Тушундуруу иштерин жакшылап жургузо коргуло биздин элге!"Ат корбогон минип олтурот"болбойлу.
29.11.2018. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх биз жаратылышка абдан катаал мамиле кылат экенбиз корсо. Америкада уй салса да бакты кыйбайт анан бугу эликтин саны ушунчалык коп уйундун алдына чейин келет. Бизде эликтерди сыйпаласан да таппайсын. Башка майда жандыкты айтпай эле коейун. Байкуш Кыргызстаныма боорум ооруп атат. Мекенибиз дейбиз. Эн сонун жердин таш талканын чыгарып мекенди суйгонубуз кайсы? Булар мекенине кичинекей да семичканын кабыгын ыргытпайт. Байкуш мекеним.
29.11.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куркулдак куулардын саны 991ге жакын дейт. Анда 990бу? Ушундай да болчу беле? Же 990дон ашуун, же 1000ге жакын дебейби.
29.11.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар мурдале келип жүрүшсө керек, мурда фотокапкан коюлбагандан билинбей калса керек. Билингенде фламинголор байырлаган өлкөлөрдүн катарына кирип калмак экенбиз
29.11.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол колдогу жапайы адамдарга да айтып койгулачы тийбесин буларга!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: