super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: Мындан 27 жыл мурун мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов каза болгон

 
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыктан каза болгон.
Ал 1943-жылы 7-ноябрда Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Москвадагы инженердик-курулуш институтун, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун Москва шаарындагы курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Ош шаарынын курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы, башкы инженери, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, "Нарынгидрострой" курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1991-жылдын 22-январынан баштап Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеген.
Экономика илимдеринин кандидаты, СССР Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган. "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу ордендери жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган. Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору.
Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда Ош-Жалал-Абад жолунда автокырсыкка кабылып көз жумган. Тактап айтканда, ал келе жаткан автоунаа менен жүк ташуучу машина сүзүшүп, жыйынтыгы өлүмгө жеткирген. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Анын аты шаардык көчөлөрдүн бирине берилип, 2003-жылы Эркиндик гүлбагына эстелиги тургузулган.
29-ноябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул окуя боюнча Акаевге суроо бериш керек. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: