super.kg logo

Грузияда президенттик шайлоодо аял киши утуп баратат

 

Кечээ, 28-ноябрда Грузияда президенттик шайлоонун 2-туру өтүп, алдын ала жыйынтыгы боюнча 66 жаштагы Саломе Зурабишвили жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Добуштардын 98,92 пайызы эсептелинип, Зурабишвили 59,6 пайыз добуш топтосо, анын атаандашы Григол Вашадзе 40,4 пайызга ээ болду. Грузияда шайлоочулардын саны 3,5 миллиондун тегерегинде.

Саломе Зурабишвили 1952-жылы 18-мартта Францияда төрөлүп, 30 жыл ичинде бул өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин түзүмдөрүндө иштеген. 2003-жылы Франциянын Грузиядагы элчиси болгон. Бир жылдан кийин ал кездеги Грузиянын президенти Михаил Саакашвили аны өлкөнүн тышкы иштер министри кызматына дайындаган, бирок көп өтпөй Зурабишвили кызматтан кетип оппозиция тарапка өткөн. 2010-жылга чейин ал "Грузиянын жолу" оппозициялык партияны жетектеген. Андан соң "грузиялык саясаттан кеттим" деп, БУУнун Ирандагы кырдаалды изилдөө боюнча эксперттик топко кирген. 2016-жылы Грузиянын саясатына кайтып, көз карандысыз депутат катары парламенттик шайлоого катышып, бийликтеги партиянын колдоосу менен парламентке өткөн.

Буга чейин Зурабишвили Грузиянын президенти болууга аракет кылган. 2013-жылы шайлоо комиссиясы анын кош жарандуулугу бар деп талапкер катары каттабай койгон. Быйылкы шайлоодо ал француз жарандыгынан баш тарткан. Зурабишвили Москва жана Батыш менен тең салмактуу мамиле түзүш керек деген көз карашта. Шайлоодогу анын негизги атаандашы болгон Вашадзе Батыш менен жакындоого үндөгөн.

Саломе Зурабишвили эки жолу күйөөгө тийген. Биринчи күйөөсү эмигрант Николоз Гугушвили менен Зурабишвилинин ортосунда уулу жана кызы бар. Экинчи күйөөсү философ, тарыхчы жана публицист Жанри Кашия 2012-жылы Парижде каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман белгиси аялдар башчы болот дегпн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: