super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трампка таандык учак аэропортто кырсыкка кабылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке учагы Нью-Йорктогу "Ла-Гуардия" аэропортунда аба лайнери менен сүзүштү. Маалыматты Associated Press басылмасы жазды.

Кырсыкка кабылган учак АКШ ВВС'нин президент колдонгон "Борт №1" учагы эмес, The Trump Organization компаниясына таандык Boeing 757 учагы. Трамп президент болуп шайлангандан бери аталган учакты пайдалана элек болчу.

"Трамптын учагы пайдаланылбастан аэропортто токтоп турган. Ал эми кырсыкка кабылган экинчи учак эки моторлуу бизнес джет учагы болгон. Ичинде 3 экипаж мүчөсү болгон жана кырсыктан жабыркагандар жок", - деп жазат агенттик. Кагылышуу эмнеден келип чыкккандыгы такталууда. Дональд Трамп бул учакты 2011-жылы 100 миллион долларга сатып алган.

Аталган учак ушул жылдын 17-октябрында да Филадельфияга учууга даярданып жатып шашылыш токтотулган. Учактын ичинде биринчи айым Меланья Трамп болгон. Учак абага көтөрүлгөндөн 15 мүнөттөн кийин бортто түтүндүн жыты байкалган. Экипаж мүчөлөрү борттогу коопсуздук кызматкерлерине жана журналисттерге ным сүлгү таратып дем алуу коопсуздугуна кам көрүшкөн. Учак Вашингтондогу Эндрюс авиабазасына конууга аргасыз болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: