Депутат Мавлянова импортту азайтуу үчүн өкмөт долбоорлорду иштеп чыгуусу керектигин айтты
Депутат Махабат Мавлянова импортту азайтуу үчүн өкмөт долбоорлорду иштеп чыгуусу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Импорт экспорттон 3 эсеге көп болуп жатат. Өндүрүштөргө шарттарды түзүш керек. Кыргыз-Орус фонду жакшы колдоо көрсөтүү зарыл. Өкмөттүн алдында инвесторлорду кызыктыруу үчүн долбоорлорду иштеп чыгыш керек. Импортту азайтуу боюнча долбоорлор болушу зарыл”, - дейт Мавлянова.
Учурда жыйында ар кандай маселелер каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















