super.kg logo

Улуу Британияда дарыгерлер бейтаптын өпкөсүнө дарынын ордуна шаймандарды тазалоочу каражатты куюп алышкан

 

Уильям ХаннаУлуу Британиянын Солфорд шаарында дарыгердин катачылыгы боюнча соттук иш жүрүүдө. Маалыматка караганда, бейтапка операция жасалып жатканда өпкөсүнө медициналык шаймандарды тазалоочу каражат куюлуп кеткен. Бул тууралуу The Daily Telegraph басылмасы жазууда.

Окуя 1 жыл мурун болгон. Уильям Ханна аттуу 68 жаштагы тургун жол кырсыгынан жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Кийинки күнү аны жандандыруу бөлүмүнө которуп, өпкөнүн иштеши үчүн аппаратка кошушкан. Көп өтпөй, бейтаптын дем алуу органынан инфекция табышкан.

Ханнанын дем алуусун жеңилдетүү үчүн ага бронхоскопия зарыл болгон. Тактап айтканда, өпкө жана дем алуу органдарына атайын дарынын аралашмасын куюу процедурасы жүргүзүлгөн. Ушул жерден дарыгерлер адашып, дарынын ордуна медициналык шаймандарды инфекциядан арылтып тазалоочу суюктукту куюп алышкан. Окуядан бир нече күндөн кийин Уильям Ханна каза болуп калган.

Кийинки иликтөөлөрдө белгилүү болгондой, тазалоочу каражат этикеткасы жок бөтөлкөдө, дары-дармектер турган жерде сакталып турганы аныкталган. Бейтап кырсыктан алган жаракаттарынан жакшы боло албай же бронхоскопия процедурасында кетирилген катадан улам көз жумганы эксперттер тарабынан иликтенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: