super.kg logo

Прокуратура: "Баткен облустук прокурорун өлтүргөнгө шектелип кармалган Калыков маркумдун денеси тамекинин күлүнөн чыккан өрткө күйүп кеткенин айтты"

 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков баш сөөккө атып өлтүргөн. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев 29-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, экөө аңчылыктан келе жатып пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.

"Мамажакыповдун өлүмү боюнча Башкы прокуратурага маалымат түшөрү менен жумушчу топ түзүп, Баткен облусуна бардык. Башкы прокурор жумушчу топтун жыйынында Мамажакыпов жана Калыков менен аңчылыкка бирге чыккан облус прокурорунун эки орун басарын, эки бөлүм башчысын жана Баткен районунун прокурорун тергөө бүткөнгө чейинки убакытка жумуштан бошоткон. Ошол учурда кылмыш иш окулуп чыгып, объективдүү тергөө жүргүзүүгө жазуу түрүндө көрсөтмө берилген.

Кылмыш ишине шектүү катары кармалган Калыков көрсөтмө берген. Анын айткандарына караганда, экөө аңчылыктан келатып уруша кетишкен. Кийин унаасын токтотуп коюп жерге түшүп мушташышкан. Андан кийин Калыков Мамажакыповдун баш сөөгүнө кокустуктан мылтыгы менен атып жиберген. Коркконунан улам ошол жерде тамеки чегип жатып өзүнүн курткасын күйгүзүп алган. Күйүп жаткан курткасын Мамажакыповдун жанына таштап коюп, андагы өрт Мамажакыповго өтүп, денесинин 80 пайызы күйүп калган. Ошол учурда мас абалында болгонун айткан. Анын көрсөтмөсүнөн сырткары бир топ далил заттар алынган, күбөлөрдүн көрсөтмөсү бар. Ошондуктан Калыковдун күнөөсү толугу менен далилденген", - деди Бейшекеев.

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.11.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекеттик кызматта иштегендер Лексус унаасынан башка машина мине алышбайбы? мен да мамкызматта иштейм, бирок айлыктан айлыка сарамжалдап аран жеткизем го....
29.11.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда айлык менен жашайм лексус мингени кыялымда учат алыстарда
29.11.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Umakg,лексус минбей эле, аман бололучу.
29.11.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамекинин кулуно деп кичине кудайдан корксонор боло
29.11.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик кызматты кыянаттык менен, арам тамак менен уй-булосун баккан ххххх бар. Ошондой эле аз да болсо адал эмгек менен жан баккан кызматкерлер да жок эмес
30.11.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тешип чыгыптыр да
30.11.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамекинин күлүнө күйгүдөй ага чейин прокурор өзүнө-өзү бензин куюнуп алган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: