Ысык-Көл. Балыкчы шаарында бирөөнү бычактап салган жаран кармалып, күнөөсүн моюнга алды
Балыкчы шаарында бирөөнү бычактап салган жаран кармалганын Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 14-июлда жабырлануучу шаар тургуну С.Олег шаардык оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилген. Окуядан соң Балыкчы ШИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, Бишкекте жашаган 28 жаштагы Ш.Андрей кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

