super.kg logo

Парижде студент кыз аллергиялык тесттин жыйынтыгын күтпөй чачын боёп салып ооруканага түшүп калган

 

Парижде жашаган студент кыз жергиликтүү басылмалардын бирине чач боёгунан улам баш терисинде жаралган аллергиясы тууралуу айтып берди.

19 жаштагы Эстель аттуу студент кыз супермаркеттен кара түскө боёочу чач боёк сатып алган. Боёктун маалымат кагазында ар түрдүү заттарга аллергиясы бар колдонуучулар терисине боёктун аралашмасын сүйкөп, 48 саат күтө туруусу жазылган. Эстель аралашманы терисине сүйкөп, бирок тесттин жыйынтыгын күтпөстөн 30 мүнөттөн кийин эле боёкту чачына сүйкөп салган.

"Көп өтпөй башымдын териси кычышып, төбөсү шиший баштады. Эртең менен турсам башымдын көлөмү 56 сантиметрден 63 сантиметрге чейин чоңоюп кетиптир. Маңдайым эки эсе кеңейип кетти. Башымдын формасы лампочканын формасындай эле болуп калды", - деп айтып берген Эстель. Апасы ооруканага алып барган кызга дарыгерлер тийиштүү дарыны жазып берип кетирип жиберишкен.

Кийинки күнү Эстелдин абалы ого бетер начарлап кеткен. Ал энтигип, тили көөп, жүрөк согуусу тездеп баштаган. Башка ооруканага барган кызга дарыгерлер чукул чара көрүп, 2 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган.

Айыккандан кийин Эстель социалдык тармактардын бириндеги баракчасына башы шишип кеткен кезинде тартылган селфилерин жүктөгөн. Мындан кийин андан жергиликтүү гезит окуя тууралуу интервью алган. Ушундай кооптуу кырдаал түзүлгөнүнө карабай, кыз айыккандан кийин баары бир чачын кара түскө боёгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.11.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын
29.11.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошон учун конул буруу керек да ар бир нерсеге!Ойноп эле жазылбайт да
29.11.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Олсом да чачым кара болуп олом деген кыз экен
30.11.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болуптур, айтканды кылыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: