super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ысык-Көлдүн Даркан айылында жолбун иттер короодогу койлорду жарып кетти" дейт окурман

 

Ысык-Көл облусундагы Даркан айылында жолбун иттер короодогу малга кол салууда. Маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" маалымдады.

Анын айтымында, короосунан эки кой жана эки эчкиге топтошкон жолбун иттер келип кол салган.

"Эки койго кол салып, бири өлдү. Дагы бири жарадар. Ошондой эле эки эчкини да тиштегилеп салышыптыр. Алардын бири өлүп, терисин сыйрып салдык. Экинчиси жарым жан болуп жатат. Бир итти өлтүрдүк. Эми дагы 3-4 ит талаада жортуп жүрөт. Айыл өкмөттүн деңгээлинде чара көрүлө элек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Ысык-Көлдө жапайы иттер койлорго кол салууда

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карышкырдан чоодон зоорго кутулса эми иттер келиптирда.
Айылдагы мергенчилер эле атып салбайбы?же аларга да камкордук корсотолу тиги бу деп калпак кийгизгендер сотко берем деп чыгышабы
29.11.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калпак кийгизгендерди итими зордуктады дегенди кошо алып барып ошол иттерге анчылык кылыш керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: