super.kg logo

Башкы прокуратура: "Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүнү өзүнүн орун басары уюштурган деген маалыматтар аныкталган жок"

 

Киши колдуу каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун аңчылыкка кошо чыккан адамдар менен түшкөн сүрөтү  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган. Бирок Мамажакыповду өлтүрүүнү анын орун басары А.Байбосунов уюштурганы боюнча интернетке маалыматтар тараган. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев айтылган маалыматты четке какты.

"Чындыгында айрым ЖМКлар Мамажакыповду өлтүрүүнү анын орун басары Арслан Байбосунов уютурганы боюнча маалымат жазып жатышат. Бирок айтылган дооматтар дыкаттык менен текшерилип, облустук прокуратуранын бардык кызматкерлери суралды. Жыйынтыгында айтылып жаткан маалымат аныкталган жок", - деди Бейшекеев.

Бейшекеев Мамажакыповдун өлүмү боюнча козголгон эки кылмыш иштин бири тергелип бүтүп сотко жиберилгенин кошумчалады.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарын чогултуп дагы бир охотага алып чыгыш керек буларды. Ошондо билишет кандай болот экенин. Эмесе далилдеш кыйын го. Баткенчи аяшаваны кулака тээп илип коюшса ооба мен элем отура берет. Иш ошентип жабылат..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: