super.kg logo

Каржы министри: "2019-жылы республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшалат"

 

Бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында бюджет тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 миллиард 900 миллион сомду түзгөн. Ал эми экономиканын өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде пландалган, анын иш жүзүндө 4,6 пайыз өсүш болгон.

Ал эми 2018-жылдын жаӊыртылган бюджетинин долбооруна ылайык, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 миллиард 400 миллион сомду түзгөн.

"Экономиканын өсүшү 2,8 пайыз деӊгээлинде болжолдонууда. Ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 142 миллиард сом көлөмүндө каралды. Бул бекитилген көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 миллиард 100 миллион сомго көптүк кылат. Ошондой эле салыктык кирешелерди каржылык башкарууну жакшыртуу аркылуу 2 миллиард 700 миллион сомго көбөйтүү пландалууда. Өкмөттүн бардык аракети аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталып жатат", - деп билдирди каржы министри.

Мындан тышкары 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду. Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшала турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: