super.kg logo
  Саясат  

Аттестациянын жыйынтыгы менен иштен айдалган МАИ кызматкерлери президент Алмазбек Атамбаевге кайрылат

 

Аттестациянын жыйынтыгы менен иштен айдалган МАИ кызматкерлери укуктарынын бузулушун териштирүү үчүн президент Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Аида Саляновага кайрылат. Бул тууралуу 15-июлда маалымат жыйында Бишкек шаардык МАИ кызматынын экс-жетекчиси Касым Раимкул уулу билдирди. Айтымында, аттестация нормативдик-укуктук актыларды бузуу менен өткөрүлдү.

"Аттестациянын өткөрүлүшү мыйзамсыз, өкмөттүн буйругуна жооп бербейт. Комиссиянын курамына Мамлекеттик кадр кызматынын, ИИМдин юридика бөлүмүнүн өкүлдөрү кириши керек болчу, бирок киргизилген жок. Биз комиссияга мүчөлөр кантип тандалганын жакшы билебиз",- дейт Раимкул уулу. Ал эми Бишкек шаардык Жол-көзөмөл кызматынын мурдагы кызматкери Тынай Дүйшөкеев 15-16 упай алып, аттестациядан өтүп жаткандар бар экенин айтат. "Мен 20 упай алып, бирок өтпөй калдым. 186 адамдын укугу бузулду, алардын 57си Бишкектен. Президент менен башкы прокурордон бул маселени териштирүүгө көмөктөшүүсүн суранабыз",- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: