super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Марс Бөдөшовдун жактоочусу Бурулайга сайылган бычакты көрүүгө кызыкты

 

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум Свердлов райондук сотунда өтүүдө. Отурумда судья үч томдук тергөө ишин окуп бүттү.

Ал эми айыпталуучу Марс Бөдөшовдун жактоочусу бычакты көрүүнү жана Сосновка постундагы видеону көрүүгө кызыкты.

"Алгач бычактын узундугу 30 сантиметр деп берилген. Азыр болсо тергөө ишинде 12 сантиметр деп жазылыптыр. Биз кайсы бычакка ишенебиз. Деги бычак кайдан чыкты? Унаада жок болуп жатса, РИИБде жок болуп жатса баары күмөн санаган Марстын байпагына салып келингени жок болсо анда ал кайдан чыкты?" - деди ал.

Ал эми жабырлануучунун жактоочусу бул өтүнүчтү четке какты. Мамлекеттик айыптоочулар да бул сунушка макул болушту. Жыйынтыгында судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бирок айыпталуучунун жактоочусу бул ишти тергеген тергөөчүнү чакырууну суранды. "Менде шек саноо болуп жатат. Себеби бычактын канча сантиметр болгону боюнча эки айырма чыгууда. Тергөөчү бычактын узундугу канча сантиметр экенин, бычакка экспертиза жүргүзүлгөнүн айтып берсин", - деди.

Ошондой эле Марс Бөдөшовдун жактоочусу сотко айыпталуучуга психологиялык экспертиза кылуу өтүнүчүн келтирди. "Марстын ошол убактагы абалын аныкташ керек. Себеби РИИБде бирөө жарым сөгүнүп өтүп кетсе, балким, жини келип кеткендир. Ушуну аныкташ керек", - деди жактоочу. Бул өтүнүчтү дагы судья канааттандырган жок.

Соттук отурум 10-декабрда саат 10:00дө уланмакчы. Анда эки тарап жарыш сөзгө чыгат.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшовэкендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.11.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милицияда Эле болуп жатат иштин баары.
29.11.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ментураларда кептин баары.
29.11.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кордум сотун марстын суйлогону эки башка эндиреп жатат.
Болоору болду асманды жерге таштаганда да пайда жок болгонун болгондой айтпайбы эркеке окшоп.
Ммм аа уууу ццццц дебей кантип унутат ошол кунду кантип унутат?Унута турган кунбу ошол кун?
Булдуруктайт акпы кокпу баары бир жазасын алыш керек кылган ишине жараша
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-29 17:58:36
29.11.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жактоочу эмне ал акчанын кулу да.
Акчаны коп берсен ЭШЕКТИ АТ деп айтат 100% кепилдик да буга.
Бычактын оордуна ошол кунку видео жазууну талап кылбайт бекен
29.11.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бийликте иштегендерге ант бердиргенде КУРАН кошо карматыш керек да уй-було ата-эне бала-чакасын коштуруп ант алдырыш керек ошондо кичине болсо адамдык сезими ойгонсо керек ушуга окшогон иштер жен ичинде будомук болбой ачык айтылмакбы балким
29.11.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
XATSAN koshulam 100%
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: