super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: “Жалал-Абаддын мэри тез арада кызматтан алынышы керек"

 

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталынын "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин дегени демократиялык принциптерге ылайык келбей турганын айтты.

“Жалал-Абад шаарынын мэрин тез аранын ичинде кызматтан айдап чыгыш керек. Эмне деп тантырап жатат? Сөз эркиндигин каалагандай калчагандай ал ким экен? Бул мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт. Чоң шаарда мэр ушундай демилге менен чыгып жатканы бул авторитардык режимди жактырган чиновник экенин далилдейт. Аны бийликтегилер мамлекеттик жооптуу кызматтарга коюудан алыс болушу керек. Журналисттер бирөөдөн маек алыш үчүн андан уруксатты эмне үчүн алышы керек? Күч түзүмүндө иштегендер дагы мындай кадамга барбайт. Анын иш-аракети демократиялык принциптерге ылайык келбейт. Териштирип отурбай эле кызматтан тез арада алыш керек”, - деди Токтонасыров.

Коомдук ишмерлер Абды Сатаров, Эмил Үмөталиев, журналисттер Нарын Айып, Санрабия Сатыбалдиева, профессор Тилектеш Ишемкуловдун жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: