super.kg logo

Кытайлык кыргыз: "Атамды саясий тарбиялоо лагерине алып кетишкен. Бир жарым жылдан бери анын дайынын биле элекпиз"

 

Бүгүн, 29-ноябрь күнү Бишкекте "Кытайлык кыргыздарды коргоо комитети" уюму журналисттер үчүн жыйын өткөрүштү. Жыйында Кытайда жашаган этникалык кыргыздар ар түрдүү себеп менен саясий тарбиялоо лагерине камалып, кыйноого кабылгандары тууралуу айтылды. Жакындарынын дайынын билбеген бир нече кытайлык кыргыздар сөз сүйлөштү. Сөз сүйлөгөндөрдүн бири учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окуп жаткан Аалы Сүйүналы уулу саясий лагерге айдалган атасынын дайынын 1 жарым жылдан бери уга элек экенин билдирди.

"Мен издеп жаткан атам Сүйүналы Жүсүпэмир 1970-жылы Ак-Чий ооданынын Жалаң-Чий айылында туулган. Кытай Эл Республикасынын жараны. Ал 2013-жылы биринчи жолу тарыхый мекенине келип кеткен. 2016-жылы 80 жаштагы чоң апабызды алып, туугандарын жоктоо үчүн дагы бир жолу Кыргыз жерине келген. Жарым жылдан кийин, 2017-жылдын март айында саясий үйрөтүү лагерине алып кетишти. Бир жарым жылдан бери атамдын дайыны жок, байланыша албай келем. Бир туугандары менен биргеликте атамдын өмүрүнөн кооптонуп, тынчсызданып жатабыз.

Албетте, Кытай жергеси - менин киндик каным тамып, мага билим берип өстүргөн жер. 5 миң жылдык тарыхы бар Кытай өлкөсүнө эч кандай нааразычылыгым жок. Тек гана атам сыяктуу себепсиз саясий лагерге алып кетишкен башка туугандарыбыздын батыраак үйүбүзгө келип, кыйынчылыктардан кутулуп, биз менен чогуу болуусун каалайт элем. Биздин учурдагы абалыбызды түшүнүп, терең маани берип, баарыңыздардын жардам колун сунушуңуздарды суранып кетер элем", - деди Аалы Сүйүналы уулу.


кошулду





"Бир жарым жылдан бери атамдын дайыны жок" дейт кытайлык кыргыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
30.11.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окубай эле суйлобоптур да
30.11.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Киндик канын тамган жерге кет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: