super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев: “Жарандарга тиешелүү маалымат такай ачык болушу керек"

 

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталынын "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жооп берди.

Ал бул маселени эки тараптуу караш керек деген пикирин айтты.

“Ар бир мекеменин ички тартиби болот да. Эгерде бир мекемеде ички тартип орнотулуп жатса, кандайдыр бир басма сөз кызматы аркылуу маалымат берүүлүсү шарт.
Бул маселени эки тараптуу караш керек. Ички эреже менен оозеки жоопторду же башка кайрылууларды сөзсүз түрдө милдеттүү адам маалымат катчы аркылуу берилет. Бул мекеменин өз иши, орундуу эле нерсе. Бирок жарандарга тиешелүү маалымат такай ачык болуп, интернетке ачык жарыяланып турушу абзел”, - дейт Үмөталиев.

Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Нарын Айып, Санрабия Сатыбалдиева, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: