super.kg logo

Ала качууга айыпталып жаткан Сейитовдун апасы: "Уулум Бурулай Турдали кызы менен Марс Бөдөшов бараткан унаага Таласка жетип алуу үчүн эле отурган"

 

Бүгүн, 29-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурум уланды. Анда Бурулайды ала качууга катышкан деп айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун апасы Калима Сейитова да соттук отурумга келди. Ал уулу 6 айдан бери камакта ак жеринен отурат деп эсептейт.

"Менин баламдын эч күнөөсү жок, ак жерден камалып отурат. Ар бир сот болгон сайын Таластан бери келип жатам. Балама деги акыйкаттык болобу?

Акмат ошол күнү Таластагы жубайына жана балдарына барам деп Марстын унаасына түшүп калып ушул окуяга кабылып калды. Эми 6 айдан бери камакта отурат. Акмат мени бага турган бала. Азыр айылда келинчеги эки баласы менен чыркырап отурат. Келиним Акмат камалгандан кийин экинчи баласын төрөгөн", - деди Калима Сейитова.

Ошондой эле Калима Сейитова уулунун мүнөзү жоош экенин жана ала качууга каршы пикирде болгонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
29.11.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эх,Турдали ака...Алкымды тыйсаныз мынча кишинин коз жашына калбайт элениз.
29.11.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ее бул жэрде адам олуп олтурат кунолулор камалсын
30.11.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошо ала качышып жүрүп эле жанын жеп актанат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: