super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Билим берүү министрлиги уялбай мектеп окуучуларына катасы көп китепти басып чыгарууда"

 
Бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева китептердин сапаты боюнча Билим берүү министрлигине нараазычылыгын билдирди.
"Мектеп окуучуларына жаңы басылып чыккан биология окуу китебинде каталар көп экен. Эмнеге көңүл бурулган жок? Ошондой ката менен окуган мектеп окуучуларынан кандай келечекти күтсөк болот?" - деп каражаттын ыгы жок чачылып жатканын айтты эл өкүлү.

"Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ушундай ката менен китеп чыгаргандан уялган жоксуңарбы? Грант менен келген каражат деп эле чача бересиңерби? Өлкөнүн бюджетине зыян келтирип жатасыңар. Эл алдына чыгып, ушул кетирген катаңыз тууралуу кечирим сурадыңызбы?" - деди Сурабалдиева.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп окуучуларына берилген китептеги ката тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: