super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков 67 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков 1951-жылы 30-ноябрда Ош шаарында туулган.

Депутат 1977-жылы Андижандагы пахтачылык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1991-жылдары КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу.

Ал эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу кеңсесинде мехсантазалоочу жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

Эл өкүлү 1979-1981-жылдары Оштогу автобазада башкы инженер болуп иштеген. 1981-жылдан тартып Ош регионалдык борборунда КамАЗ автомашиналарын тейлөө жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча директор, андан соң партиянын Жалал-Абад обкомпартиясынын экинчи катчысы, Кыргыз компартиясынын борбордук комитетинин иш башкаруучусу кызматтарын аркалаган. 1990-2000-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

2004-2005-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын энергетика тармагы боюнча долбоорунун директору болгон. 2005-жылы Ош облусунун эл депутаттар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2005-жылы Ош облусунун облустук акиминин, губернаторунун милдетин аткарган.

2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

30-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: