Жылдын мыктыларын тандоо маалы келди. SUPER.KG порталында жыл мыктыларына добуш бериңиз
Жыл аяктарына бир гана ай калды. Демек, жыл мыктыларын тандоо маалы келди. SUPER.KG порталында жылдын мыктысы деп эсептеген адамыңызга добуш берүү башталды.
Маданият, шоу тармагында кара терге түшүп, тыным албай иштегендер кимдер болду? Аны сиздин добушуңуз чечет. Ырчылардын, актёрлордун, актрисалардын, вайнерлердин андан сырткары тасма, клиптердин тизмеси SUPER.KG порталына жүктөлдү. Сынакка 2017-жылдын ноябрь айынан ушул жылдын ноябрына чейинки ырлар, клиптер, тасмалар катышат. Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин уланат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эң көп упай топтогон талапкер “Жылдын супери” деп табылат.
Буга чейин "Заманыбыздын супер ырчысы" наамын алган ырчы айымдар жана мырзалар жылдын тандоосуна катышпайт.
"Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда 24-декабрда өтөт. Башталышы саат 17:00дө.
кошулду



Порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сунушуңуз болсо купуя кат аркылуу жөнөтүңүз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Кыргызда айтылат "буткон ишке сынчы коп" деп. Бирок, сындашка туура келди.
Саламатсызбы, буга чейин "Заманыбыздын супер ырчысы" наамын алган ырчы айымдар жана мырзалар жылдын тандоосуна катышпайт.
Гулжигит Сатыбеков как вмегда жок тизмеде.
Бир соз менен бул тандоонорго 2 деген баа берем. Эптеп эле тизме тухуп коюпсунар, чындап эмгек синиргендер калып кетип эле...
Эл тааныйт экен деп эле добуш бере бериш керекпи?! Чындап эмгек синирип элге кубаныч тпртуулагандар калып кетипьир тизмеге кирбей эле...
Болбосо тандоонун атын озгортуп койгула, подписчиктери копторду тандайбыз деп, ошондо туура болот....