super.kg logo

ИИМдин 3 курсанты каза тапкан автокырсыкка айыпталып жаткан айдоочунун жубайы ичинде курсанттар бар кичи автобус жогорку ылдамдыкта бара жатканын айтат

 
"Бишкекте ИИМдин курсанттары каза болгон жол кырсыгында Москвич унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен деген маалыматтар жалган",- деп билдирди бүгүн, 15-июлда аталган айдоочунун жубайы Нургүл Кенжекараева маалымат жыйында. Айтымында, ал күнү жолдошу экөө Горный айылынан жумушка келе жатышкан. “Москвич унаабыз техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей калды. Каршыбыздан келе жаткан кичи автобус биздин унаанын капталына, анан бир имаратка тийип, акырында ташты сүзүп кулап түштү. Унаадан түшүп карасам болжол менен 40тай курсант бар экен кичи автобуста. Ал эми жолдошум жарадарларды чыгарышып жаткан экен. Ошол учурда дагы бир кичи автобус токтоп, ичинен курсанттар чыгып, жалпылап кичи автобусту тургузушту. Кырсык экен, 3 маркумдун жаткан жерлери жайлуу болсун.”- дейт Кенжекараева.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: