super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Орок айылында мектеп окуучулары көчөдөгү ылайдан баса албай калышты" дейт окурман

 

Орок айылындагы мектепке жакын көчөлөр абдан кейиштүү абалда. Окуучулар жаан жаап же күн жылып кар эриген күндөрү баса албай калышат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жиберди.

"Айыл ичиндеги көчөлөргө асфальт төшөгөндү койдум, шагыл төгүп коюшса болот эле. Окуучулар мектепке баратканда баткак болуп барышат, кайра үйгө кайтканда да ошондой көрүнүш. Айрымдар мектепке чейин бир бут кийим, мектептин ичине башка бут кийим кийишет. Жөжүрөп, түйшүк тартып бут кийимдерин баштыкка салып көтөрүп жүргөн окуучуларга бооруң ооруйт. Антпесе мектептин ичи ылайдан көрүнбөй кала турган. Окуучулар мектептин алдындагы сууга буттарын салып жуушат. Бут кийимден суу кирет. Ошол бойдон буттары суу боюнча кечке жүрүшөт. Бала деген ойнойт да, баткак чачырап куртка, шым сыяктуу сырт кийимдеринин баары ылай болуп келишет. Бут кийим да түтпөй эрте жыртылат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.11.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарыбыздыкы эле ошо койгой болуп атат.Элдер озунор тогуп аракет кылгыла да бир бийликти карап жата бербей.Коп тукурсо кол болот.Бир айтасынбы мин айтасынбы баары бир бийликтегилер тогушпойт
30.11.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арча Бешик дагы ушундай газ киргизебиз деп жолдорду чукуп машиналар дагы тыгылып калтат ылайга
30.11.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак бата дордой аман эле болсун
30.11.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл озулору акча чогултуп эле шагыл токтуруп алса болот.бийликтен умут этип болбойт.Мамлекет Эдди эмес эл мамлекетти багып калбадыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: