super.kg logo

Нарында дайынсыз жоголуп, кийин денеси суудан табылган 15 жаштагы Азиреттин апасы: "Уулумдун өлүмүнүн себебин билбей келем"

 

Нарында дайынсыз жоголуп, 7 күн өткөндөн кийин Нарын дарыясынан жансыз денеси табылган 15 жаштагы Азирет Садакбек уулунун апасы Нургүл Энтериевага байланышып, уулу тууралуу айтып берүүсүн сурадык.

Маркумдун апасы Нургүл Энтериеванын айтымында, уулу Азирет келечекте юрист болууну самачу.

"Азирет үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. Ал 1-класстан 4-класска чейин Ат-Башыда таята-таенесинин колунда тарбияланып, орус мектепте абдан жакшы окуду. Андан кийин өзүбүздүн колубузга, тактап айтканда, Жылан-Арык айылына алып келдик. Айылдагы кыргыз мектепке киргени менен жакшы окуганын калтырган жок. Азиретим зээндүү, мүнөзү чоң адамдардыкындай болчу. Келечеги тууралуу көп ойлонуп, дайыма "апа мен юрист болом, силерге залакам тийбеши керек, өз күчүм менен окууга өтөм деп айтчу". Быйыл 9-классты бүткөн соң Бишкекке окууга тапшырмак.

Балам 3 жыл мурун башы ооруй баштады. Дарыгерлерге алып барсак башында залалдуу шишик бар экен дешти. Бирок врачтар борбордо мындай операция жасалбай турганын айтып, Москва шаарына баруу керектигин айтышкан. Биз ошол замат эле Азиретти Москва шаарындагы клиникалардын бирине алып бардык. Алар бардык тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөргөн соң операция жасашты. Кудай жалгап уулумдун баш мээсине жасалган операция ийгиликтүү өттү. Ал жактын врачтары "мындай оорудан миңдин бири айыгып кетет, алардын бири сиздердин уулуңуздар" деп сүйүнтүштү. Ушул жылдын 5-сентябрында Москвадан келип айылдан окуусун ийгиликтүү улантып окуп баштаган.

Ал эми балам дайынсыз жоголгон күнү мектепте балдар топ ойноп жатып уулум тепкен топ 7-класстын окуучусуна тийип кетиптир. Ал окуучу эмнеге мени тебесиң деп ачууланып Азиретти сөккөнүнөн балам көкүрөккө бир муштап койсо, ал бала жерге жыгылып калган экен. Ал күнү 7-класстын окуучусу окуя тууралуу ата-энесине айтып барган окшойт, эртеси анын атасы мектепке барып, уулума жолугуптур. Азирет баланы чапканын моюнга алып, кечирим сураган деп классташтары айтышты. Ушул күнгө чейин балам эмнеден улам каза болуп калганынын себебин билбей келебиз. Ал жөнү жок жосунсуз жоруктарды жасачу эмес", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.11.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оздору экспертизага бербей койуштуго. эми билбей келем деп неге кайгырып жатат
30.11.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уулунуздун жайы Жаннаттан болсун, сизге сабыр тилеймин.
30.11.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экспертизага берип билиш керек эле акыйкатты билиш учун. Озуно сак бол кошунанан кумон санаба деп бекеринен айтылбаганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: