super.kg logo
  Саясат  

Турсунбеков: "Жолдошбаев мен негиздеген "Акун" тууралуу жалган айтты"

 

"Акун" ишканасы буудайды дыйкандардан 9 сомдон эмес, 13 сомдон алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Буга чейин кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев "Акун” дыйкандардан буудайды 9 сомдон сатып алып, аны тегирменге тарткандан калган калдыгын – улпагын гана кайра дыйкандарга 11 сомдон сатат деп айткан.

"Депутат Жолдошбаев мен негиздеген "Акун" фирмасы тууралуу жалган маалымат таратты. Кечээ телефон чалып сурасам, ал Чүйдүн айрым адамдары ага кайрылганын айтты. Аксакал кишинин сөзүн териштирген туура эмес. Ал киши мага өзүмө "ушундай болуп жатыптыр" деп айтса болмок. Төрага болуп турганда көп маселелерди мага айтып турчу. Мындан улам ишканадан сурасам, дыйкандардан буудай 13 сомдон алынып жатыптыр", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: