super.kg logo

Москвада 3 ай ооруканада оор абалда жатып мекенине алып келинген Кыргыз жараны ооруканадан чыкты. Ага жакында дагы операция жасалат

 

Москвада 3 ай бою ооруканада оор абалда жатып, ноябрь айында Бишкекке алып келинген Талас Турубаев ооруканадан чыгарылды. Мындан 2 жарым апта мурун ага экинчи ирет операция жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG'ге Талас Турубаевдин жеңеси Гүлнара Нурбекова билдирди.

Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринен анын тамагына экинчи ирет операция жасалган.

"Ооруканадан Таласка экинчи ирет операция жасалды, тиешелүү дарылануудан өттү. Учурда үйгө чыгарылган, кийинчерээк анын башына операция жасоо пландалууда. Азырынча дарыгерлер аны дары-дармектерден 2-3 ай эс алып, организм өзүнө келсин деп ооруканадан чыгарышты", - дейт Нурбекова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан. Макала чыккандан кийин анын Кыргыз жериндеги туугандары табылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым өзү ден соолук берсин тезирээк сакайып айыгып кет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: