Бишкекте көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө
Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында көк бөрү боюнча Чүй-Талас ынтымагы аттуу мелдеш өтүп жатат.
Аталган мелдеш бүгүн, 30-ноябрда башталып 2-декабрда финалдык беттештер орун алат. Мелдеште Чүй облусунун 4 командасы жана Талас облусунан келген 4 команда катышууда.
Мелдештин алгачкы күнү Сокулук-Кара-Бура, Жайыл-Бакай-Ата, Аламүдүн-Манас, Токмок-Талас командаларынын беттештери өтөт.
1-декабрда жарым финалдык беттештер өтсө, 2-декабрда финалдык беттештер өтөт.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:00
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















