super.kg logo

Таиландга О! түйүнүнүн интернет-роуминги менен

 

Интернет канчалык жеткиликтүү болсо, чет өлкөдө жүргөнүңдө жакындарың, туугандарың жана бизнес өнөктөштөрүң менен ошончолук оңой байланышка чыкса болот. О! мобилдик оператору 1 мегабайт интернет роумингдин баасы 1 сом болгон өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү менен өз абоненттерине ушундай мүмкүнчүлүктү тартуулоодо!

Бүгүнкү күндөн тартып "1 мегабайтка 1 сом" тарифи Таиландда True Move түйүнүндө жеткиликтүү боло баштайт.

Таиландга келериңиз менен жергиликтүү симкартаны кайдан алууну жана жол-жоболоштурууну же кайсы таиланддык тариф капчыгыңызга зыян келтирбей тургандыгы тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. Болгону учак конгондон кийин телефонуңузду иштетсеңиз ал дароо өнөктөш түйүнгө автоматтык түрдө кошулат.

Миңдеген жылмаюулардын санаасыз өлкөсүнө учардын алдында сиздин номердеги атайын тариф активдештирилгенин *997# акысыз буйрутмасы аркылуу текшерип алыңыз.

Чет өлкөдө жүрсөңүз дагы О! мобилдик оператору бардык абоненттерине акысыз техникалык колдоо көрсөтөрүн жана сизде баары жайында экендигин роумингде жакындарыңызга билдирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Эгер сиз башка өлкөдө жүргөнүңүздө өз номериңизде калгыңыз келсе, түрдүү эконом-сервистер тууралуу толук маалыматты оператордун www.o.kg сайтындагы "Роуминг" бөлүмүнөн билсеңиз болот.

О! мобилдик оператору дүйнө жүзүндөгү өз абоненттерине кам көрөт!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: