super.kg logo

Киши колдуу болгон прокурордун тууганы: "Агамдын денесинин 80 пайызы тамекинин күлүнөн күйгөн деген нерсеге эч ким ишенбейт. Анын жүзүн ачып карай алган жокпуз"

 
Киши колдуу болуп каза болгон Анарбай Мамажакыпов.
Окуя болгон күнү тартылган деп интернет булактарында тараган сүрөт.

"Кечээ агамдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура, ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматтардын баарын ММКлар аркылуу окуп чыктым. Анын баары жалган экенин гана айта алам. Агамдын денесинин 80 пайызы тамекинин күлүнөн күйүп кеткенине акылы соо адам ишенеби?!" - деди бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына киши колдуу каза болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун бир тууган иниси Өскөнбай Мамажакыпов билдирди.

"Агамдын өлүмү алдын-ала уюштурулган. Жакынкы убакыт аралыгында окуянын көп жагдайлары ачылат, ачыкталат. Ал түнү эмне болгонун билбейм, агам бир да кишиге катуу сүйлөбөгөн адам болчу. Анын көзү өткүчө экөөбүз бир да жолу урушкан эмеспиз. Балким, мушташса мушташкандыр, бирок бул нерсенин баары алдын ала пландалып, уюштурулганы айдан ачык. Мас абалда болушкан, сөздөн сөз чыгып, балким, мушташкан. Агамдын орун басары Байбосунов ал түнү Калыковду агам анын ишин жаппай жатканын айтып, аябай “күүлөгөн”. Уруштун баары ошондон улам келип чыккан. Агамды өлтүрүүгө шектелип кармалган Калыков менен агамдын орун басары Байбосунов мурунтадан катышып келген. Алар жоро-жолдош болуп жүргөн, Калыковдун туура эмес иштерине кылмыш иши козголгон, аны Байбосунов “жөн кой” деп агамды көндүрүп келген. Бирок агам ал нерсеге көнгөн эмес", - дейт Мамажакыпов.

Маркумдун тууганынын айтымында, бул окуяда аттары аталган адамдар жөн гана жумушунан убактылуу алынганына макул эмес жана алардын баары жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

"Агамдын сөөгү үйгө жерге берилер күнү гана кепинге оролуп, даяр болуп алып келинди. Мен агам кандай болуп каза болгонун уккам, анын башына ок тийгенин, денесинин 80 пайызы өрттөнгөнүн билип калгам. Ага жаман болуп, сөөгү үйгө келгенде анын жүзүн ачып кароого эрким жеткен жок. Жакын туугандардын ичинен агамдын бетин, денесин эң улуу агабыз гана көрдү. Калгандарга көрсөтүлбөстөн жерге берилген", - деп кошумчалады Мамажакыпов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Кечээ болуп өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектлип кармалган башкармалыгынын башчысы М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.11.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тергоонун адилелуттуу болушу кумон го. Эн эле жакшысы акырын гана оч алмай деген кинонун биринчи болугун корсотуп коюш керек.
01.12.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу сүйлөбөгөн, мамлекеттик кызматта иштеген киши лексус 470 минеби?
01.12.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa, сен ойлоп жаткандай болгондо 2018 жылы чыккан 570 лексус айдамак. Таанып билбегенден кийин айтпа. Дагы жетекчилик жумушта 20жылдан бери иштеп келген. Ата-энесинин колунда бар кишилер.
03.12.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерди карасаң өзүнчө сүрү башкача ал эми маркум жөнөкөй жоош момун эле кишидей көрүнүп турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: