super.kg logo

Бишкектеги 8 миң 400 керектөөчүнүн электр жарыгы өчүрүлөт

 

Бишкекте 8 миң 400 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, төлөнө элек карыздын жалпы суммасы 23 миллион сомго жакындаган.

"Ушул жылдын 3-декабрына чейин “Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8 миң 400 абоненттин электр камсыздоосун өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 22 миллион 700 миң сом түзөт. Буга байланыштуу электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү суранабыз".

"Белгилей кетсек, “акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөн керектөөчүлөрдүн жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Толук төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирүү “Түндүк электр” ишканасынын маалымат серверине келип түшкөн соң электр жарыгы кошулат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: