super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Ким биринчи электромобиль заводун курса, 10 жыл салыктан бошотуу сунуштары айтылууда"

 

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый АбылгазиевБишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Ал автоунааларды электромобилдерге өткөрүү келечектин талабы болуп жатканын айтты.

"Дүйнө жүзү транспорттун ушундай түрүнө өтүүдө. Биз да канчалык тездетсек, ошончолук натыйжасын көрө алабыз. Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү мындай кадамды колдоп, Кыргыз мамлекетинде ким биринчи электромобиль заводун курса, 10 жылга чейин бардык салыктардан бошотуу керек деген сунуштарын айтышууда. Кайсы аймак алгачкылардан болуп электромобилди ишке киргизсе, ал келечекти багындырган болот. Ал эми өкмөт канчалык деңгээлде бул ишти аткара алат деген суроо жаралат. Биздин ички бюджеттин 2 миллиард сому сыртка нефть үчүн кетип калууда. Бул акча өлкө ичинде айланса экономикабыз өнүгүп, чет өлкөлөргө болгон көз карандысыздыгыбыз азаят эле. Президент Сооронбай Жээнбеков да Кытайга барып электромобиль чыгарган заводдун иши менен жеринен таанышып келди. Ошонун жыйынтыгында Кыргыз мамлекетинин Экономика министрлиги Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде электромобилге өтсөк, абанын булгануусу да азаймак", - дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: