super.kg logo
  Саясат  

Эмил Шүкүров, эколог: “Абага зыяндуу заттарды чыгарган унаалардын кыймылдаткычын, күйүүчү майдын сапатын текшерүү керек”

 

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна эколог Эмил Шүкүров жооп берди.

Ал зыяндуу заттарды абага чыгарган эски унааларды көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

"Электромобилдерге өтүү жакшы демилге, бирок бул өтө татаал жана көп убакытты ала турган процесс. Азыр жок дегенде унаалардын кыймылдаткычынын, күйүүчү майдын сапатын текшерүү боюнча техникалык инспекцияны ишке киргизүү керек. Анткени башка өлкөлөрдөн келген көп унаалардын эскилиги жеткен, зыяндуу заттарды абага көп чыгарганы үчүн иштен чыккан унааларды бизде айдап жүрүшөт. Учурда бул тармак көзөмөлгө алынбай турат. Муну менен катар альтернативдик жолдорду карап чыкса болот", - деди Шүкүров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, эколог Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: