super.kg logo

Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу жөнөкөйлөштүрүлөт

 

Шенген визасын алуу жөнөкөйлөштүрүлөт. Анткени Евробиримдик 2019-жылы виза кодексин кайра карап чыгат. Бул тууралуу ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Европа биримдиги Европада саякаттоону каалаган Кыргыз өлкөсүндөгү туристтер үчүн виза алуу шарттарын жеңилдетүүнү карап жатат.

“Евробиримдик жаңы Виза кодексин даярдоодо, бул айрым бюрократиялык процесстерди жоюуга жардам берет”, - деди Буриан.

Ошол эле учурда Буриан мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн виза режими керек экенин белгиледи.

"Евробиримдик мигранттарга муктаж. Демографияга караганда, биздин калк карып баратат. Андыктан биз жакшы даярдыктан өткөн жаштарга муктажбыз. Бирок билимдүү кадрлардын баары Европага келип, Кыргыз мамлекетин алсыратуусун каалабайбыз", - деди элчи.

Кыргыз мамлекетинин жарандары Европа биримдигине кирген 28 жана ага кошулбаган бир нече Европа өлкөлөрүнүн аймагына кирүү үчүн милдеттүү түрдө виза алышы керек.

 

 
 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
30.11.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондой болсунчутезирээк
30.11.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максатымдын бири ушул виза менен байланыштуу...Батыраак эле болсунчуууууууууу))))))
01.12.2018. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Именно биз үчүн бекен э?)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: