Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыялады.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

360 миллион доллорду жеп ийиштиго чиркин.
Жогорку кызматта иштеген киши жоопкерчиликти да алуу к.к. Кыргызтан баарыздын уйубуз деп жеп ичип кетеберсе болбойтко.