ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: Каржы министри Адылбек Касымалиев 58 жашка толду
Каржы министри Адылбек Касымалиев 1960-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Долон айылында туулган. Ал 1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
1984-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Экономика институтунун кенже илимий кызматкери;
1988-1990-жылдары Жол-курулуш батальону финансылык кызматынын башчысы;
1990-1994-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
1994-1996-жылдары Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясы бөлүмдүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары;
1996-2002-жылдары министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2002-жылы Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
2002-2005-жылдары Каржы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин төрагасынын биринчи орун басары;
2007-2009-жылдары Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары;
2009-2010-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
2010-2011-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
2011-2012-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2012-жылы Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
2012-2015-жылдары Экономика министринин орун басары;
2015-жылдан тарта Каржы министри болуп иштеп келет.
1-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

