super.kg logo

Аалымдар кеңеши жети облустун тургундары менен жолугат

 

Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жалпы курамы 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөнүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапар Ош облусунан башталган. Аларды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алып, мындай жолугушуулар кеңештин иш планына ылайык жүргүзүлүп жатканына токтолгон.

Ал эми жер-жерлерде эл менен жолугушуулар жүрүп жаткандыгы коомчулук арасында айтылган бардык динге байланыштуу көйгөйлөрдөн улам пландалган. Эл арасында айтылган бардык көйгөйлөр 12-декабрь күнү Аалымдар кеңешинин жалпы курамынын катышуусундагы жыйынында каралары айтылат маалыматта. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү коомчулук арасындагы аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгымдарды жоюу, жаштар арасында үй-бүлөлүк ажырашуулардын алдын алуу багытында дин өкүлдөрүнүн салымы ат көтөргүс экендигин баса белгилешкен.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
02.12.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сооронбай Шарипович сизге Аллаh ыраазы болсун! Дин эркиндигин берип жатканыныз учун!
02.12.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kuiooluu, биринчиден кошомат кылганын учун Соке сага кой союп бербейт. Экинчиден дин эркиндиги буга чейин болуп келген, ага Сокенин кымындай да тиешеси жок. Учунчудон кирилица менен латын алфавитин аралаштырып отурганын сенин наадандыгынынын белгиси. Болбосо сенин атынды да 3-4 алфавитте жахалы, эмне болоор экен?!!
02.12.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтып эле койбостон, өзүңөр айыл-айылыңарга барып көрсөтүпда үлгү болуп бергиле, атак диндарлардында атасына апасына балчайта аш берип жүргөндөрүн билем.
02.12.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы Жака ундошсо болду.
02.12.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин бийлик бир нерсени унутпашы керек. Эртен Чубак, Озбек Чотоновго окшогондор динчилдердин санын пайдалынып бийлике, коомдун башка катмарларына басым коргозо башташат. Чубактын башкы максаты динчилдердин санын кобойтуп, алар аркылуу арабтардын мыйзамын Кыргыз жерине орнотуу. Минтип отурса жакын арада Кыргызстанда молдолор бийлик жургузо башташат. Элдин светтик маданиятын которуу зарыл.
yrmat88 түзөттү 2018-12-02 13:14:36
02.12.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yrmat88, ХХХХ кайдагы арабдын мыйзамы? Дин диндин эле мыйзамы эч бир өлкөгө тийиштүү мыйзам эмес, артисттенбечи)).
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-03 10:07:43
03.12.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,
Адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-03 11:31:49
02.12.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дин жакшы нерсеге уйротот деп жатасынар. Мен кошулбайм. Себеп кыргыз динчилдери жакшы жака ооп кеткен жери жок да. Дегеле кыргыздар Ислам десе эле арабтардын хиджабын, пакистандыктардын дамбалын, сакалын жана каада салттарын элестетип, ыйык тутуп жатышпайбы. Ислам бизге араб элдеринин каада салтын, кийген кийимдерин, суйлогон создорун, алардын менталитетин тануулап жатпайбы. Ошон учун молдолорду ээрчип кереги жок
Ka2sr1 түзөттү 2018-12-02 15:55:22
02.12.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура эмес иш, туура эмес ишти пропагандалап жатасыңар. Биз кыргызбыз, кыргыз боюнча калгылачы! Кайдагы арабдардын салтын шарият, сүннөт дебей
02.12.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa,
Ислам дини арабтардын жашоосун прапаганда кылган идеялогия экенин билиш керек эле. Бирок диндеги кооз кыялдарды адамдар ээрчий беришет.
02.12.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларын биринчи оз алкымдарын тыйып алышсынчы биринчи. Баары чекеден бай, кабаттап уй салышып... Муфтияттагы акчаларды уурдап байып журушот. Айрыкча ар жылы ажы сапарын "бизнеске" айлантып, миллиондорду сугунушат...

Шайлоодо ким бироо алдына уча тартып, чонтонуно 5-10 сом салып койсо, ошону мактап чыгышат, мыйзам тыю салганына карабастан. Кыскасы булар элге кантип улгу боло алат, танмын..........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: