super.kg logo

Жалал-Абадда абактагыларды эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор ачылды

 

Жалал-Абад шаарындагы №10 абакта жаза мөөнөтү аяктаарына жарым жыл калган жарандарды эркиндиктеги жашоого даярдаган реабилитациялык пробация борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор кечээ, 1-декабрь күнү ачылган. Анын негизги максаты - соттолгон жарандарды адистердин жардамы менен коомчулук менен аралашууга көмөк көрсөтүү.

"Ачылган борбордо тигүүчү цех жана сүрөткана иштеп, ага жыйырмадай соттолуучу адам тартылган. Мындан тышкары бир психолог иштейт. Борбор 2019-жылы өлкөдө күчүнө кирчү "Пробация мыйзамын" ишке ашыруу максатында КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи жолу ачылган. Борборду ачууга Борбор Азияда түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык долбоор колдоо көрсөттү", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.12.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы нерсе болсо керек бул иштер
02.12.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оа жакшы нерсе турмодон чыкчу адамды коомчулукка жашоого аралашууга гана даярдабасатан,пробация кызматы ошол эркиндике чыккан адам кайра турмого тушуп калбашы учун 3жылга чейин пробация кызматынын козомолундо болот.буюрса биз дагы ошол пробация кызматкерлеринин катарын толуктайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: