super.kg logo

Кочкор районунда курула турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын пайдубалына капсула салынды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында курула турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары да катышты.

Жыйында Дастанбек Жумабеков аймактарды өнүктүрүү жылында мындай алгылыктуу иштердин аткарылып жатканы жакшы саамалык экенин айтып, мамлекет айыл жергесиндеги социалдык мекемелерди курулушуна, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзгөчө көӊүл буруп жатканын кошумчалады.

"Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, анын алкагында бир топ иштер аткарылды. Жогорку Кеңеш да калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алды. Өлкөнү өнүктүрүүдө бийлик бутактары биримдикте иштөөдө. Борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай оорукана, мектеп, бала бакчалардын пайдубалын түптөп жатканыбыз жакшы жышаан",-деди Жумабеков.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты Катар өлкөсүнүн Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин колдоосу менен курулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдубалына капсула койду дейби тооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: