super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 55 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган.

Ал 1986-жылы Воронеж политехникалык институтунун физико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган.

1986-1988-жылдары “50-летия Киргизской ССР” заводунун чебери;

1988-1991-жылдары аталган заводдун өндүрүш цехинин башчысынын орун басары;

1991-1992-жылдары цехтин башчысы;

1992-1993-жылдары заводдун экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;

1993-1997-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын экономика боюнча вице-президенти;

1997-2004-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын башкы директорунун экономика боюнча орун басары;

2004-2005-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын коммерция боюнча директору;

2005-жылдын мартында Жогорку Кенештин №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган.

2006-жылы эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.

2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин “ТНК “Дастан” ишканасы, башкарманын төрагасы;

2007-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган;

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештеги “Ак-Жол” фракциясынын лидери болгон.

2016-жылдын май айында "Бир Бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

3-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: