super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Азия чемпиондугуна тандап алуу туру: Кыргыз курамасы Тажикстанды ири эсепте утуп, Өзбекстанга жеңилип калды

 

1-2-декабрда Өзбекстанда футзал боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугуна тандап алуу турлар өттү. Анда Кыргыз курама командасы Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен беттешти.

Өзбекстанга каршы беттеште кыргыз футзалчылары татыктуу оюн көрсөткөнү менен, өзбекстандыктар 3:6 эсебинде жеңип алды.

Ал эми Тажикстанга каршы беттеште Кыргыз курама командасы мыктыраак болуп, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, тандап алуу турунда жалпы 18 курама команда күч сынашып жатат. Алар Борбор, Чыгыш жана Батыш аймактарына бөлүнүп, ар бир аймактын өкүлдөрү 2ден тайпага кирген. Кыргыз курама командасы Борбор аймагынын "В" тайпасына кирип, Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен туш келген. Тандап алуу турунун жыйынтыгында финалдык бөлүккө ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген бир команда аттанат.

"В" тайпасынын акыркы оюну бүгүн, 3-декабрда орун алат, анда Өзбекстан курамасы Тажикстанга туш келет. Бул беттештин жыйынтыгында 2019-жылы өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө өткөн команда белгилүү болот.

Тайпалардын тизмеси:

"А" тайпасы: Ооганстан, Иран жана Түркмөнстан;

"В" тайпасы: Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.

1-декабрда өткөн беттеш:

Кыргыз өлкөсү - Өзбекстан - 6:3;

2-декабрда өткөн беттеш:

Тажикстан - Кыргыз өлкөсү - 1:6;

3-декабрда өтүүчү беттеш:

Саат 20:00дө: Өзбекстан - Тажикстан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.12.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркменистан Афганистан Иран дын группасында абал кандай Кыргызстан курамасы 2 чи орун менен кийинки этапка ото алабы ошону толук жазсанар сураныч автор ???
03.12.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба отот бирок Озбекистан Таджикистанды женсе.
03.12.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообщем Афганистан менен 3 место учун 4-декабрь да ойнойт экенбизда
03.12.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа Кыргызстан биринчи орун менен кийинки баскычка чыкты!!!
05.12.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bokonbaev, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: