super.kg logo

Бишкекте 400 миң сомго жакын акчасы менен эс-учун жоготуп, көчөдө кулап калган жаран ал акчаны башка адамга берүү үчүн алып бараткан

 

Бишкекте чөнтөгүнөн 400 миң сомго жакын акчасы менен эс-учун жоготуп, көчөдө кулап калган жаран акчаны башка адамга алып бараткан. Бишкек ШИИББинен бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына билдиришкендей, жарандын чөнтөгүнөн табылган акча анын жакындарына өткөрүлүп берилген.

Өткөн аптада интернетте эс-учун жоготкон адам "Тез жардам" кызматынын унаасында жатып, дарыгерлер анын чөнтөгүнөн табылган 400 миң сомго жакын акчаны санап жаткан видео тараган.

"Көчөдөн милиция кызматкерлерине бир бала кайрылып, белгисиз адам бордюрда абалы начарлап отурганын айткан. Ал жерге барган кызматкерлер киши жерде эс-учу жок абалда жатканын көрүшкөн. Алар "Тез жардам" кызматын чакырып, адамды унаага жаткырышкан. Анын аты-жөнүн тактоо максатында анын чөнтөгүнөн буюмдарын сыртка алып чыгышкан. Анда анын 2 уюлдук телефону жана ири суммадагы акчасы болгон. Дарыгер анын телефонундагы акыркы номурга чалганда апасы алып, уулу бирөөгө акча бермек болуп үйүнөн 400 миң сом алып кеткенин айткан. Акчаны эсептегенде ал жерден 397 миң сом табылган. Кийинчерээк 3 миң сомду короткону аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти шаардык милициядан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.12.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыргыздар көпчүлүгү боорукер чынчыл келебиз ... бирөөнүн акчасы байлыгы өзүнө эле буйрусун
03.12.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызымдан айланса болот
03.12.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы ошол 3минди алып алышпаптыр туз журолучу биронун акысын жебей азаматтар ишине так болсо ошо жерде онугуу осуу болот деп ойлойм
04.12.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, ушуларды бир конулго алып сыйлык берип коюшса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: