Түркияда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн аял үй жыйнап иштеген жерден баалуу буюм жана көп суммадагы акча уурдап кармалды
Түркиянын Стамбул шаарындагы Зейтинбурну районунда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн аял өзү жыйнап иштеген үйдөн баалуу буюм менен көп суммадагы акча уурдап кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган райондун тургуну полиция кызматкерине арыз менен кайрылган. Арызда ал үйүн жыйнап иштеген кызматкер баалуу буюмдарын жана акчасын уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле окуя болгондон кийин ал үйдөн из жашырып, үй ээсинин телефон чалуусуна жооп бербей койгон.
Бул боюнча полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Е.Т. аттуу аялды кармашкан. Аял кармалган учурда анын жанынан 16 миң лира, 2 миң АКШ доллары жана саат табылган. Шектүү бөлмөнү жыйноо учурунда үй ээси сейфтен акча алып жатканын байкап, анын сыр сөзүн жаттап калганын алгачкы көрсөтмөсүндө айтып берген.
Түркияда кыргыз аял уурулук менен кармалды



Провокациялык маанидеги билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!