super.kg logo

Депутат Зулпукаров: "40 жылдык стажы бар мугалимдердин пенсиясы 5 миң сом болуп калбашы керек"

 

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик социалдык фонддун 2019-жылга карата бюджети талкууланды.

Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров 40 жылдык стажы бар мугалимдин пенсиясы 5 миң сом болуп калбашы керектигин айтты.

"40 жыл иштеген мугалим 5 миң сом, ал эми 15-20 жыл иштеген мугалимдин пенсиясы 10 миң сом болуп калбашы керек. Ар бир жарандын мамлекет тарабынан алган жөлөк пулун изилдеп берүү зарыл. Колу жеткендер алып, жетпегендер аз акча менен отуруп калганы туура эмес. Бардыгына бирдей мамиле болсун", - деди эл өкүлү.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 2019-жылдын бюджеттик долбоорунда пенсиянын көлөмүн көбөйтүүгө 659 миллион 209 миң сом көлөмүндө каражат каралганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.12.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торобай сен ушунчалык сыйка адамсын илюбой бийлик менен иштешесин. 40жылдык стажы бар мугалим беш мин сом пенсия алып калбаш учун толковый мыйзам жазыш керек сени эл эмне учун шайлаган? Жон эле отуруп суйлоп койбош керек
04.12.2018. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көтөрүп чыккан ар бир көйгөй , ордунда чечилиш керек,кур сөз болуп калбасын!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: