22 жылдын ичинде Кыргызстандан 1 миллион жаран чет өлкөлөргө чыгып кеткен
Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандан 1 миллион жаран чет өлкөлөргө чыгып кеткенин бүгүн, 15-июлда миграция маселелерине байланышкан жыйында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына таянып билдирди. Айтымында, мигранттардын 640 миңи Орусияга кетишсе, алардын 450 миңи Орусиянын жарандыгын алышкан. “Учурда миграциялык процесс динамикалуу түрдө өсүүдө. Бул маселе миграциялык саясатты иштеп чыгуучу органдарда эмгектенгендердин бат-баттан алмашып жаткандыгына байланыштуу болууда. Буга байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлгөн”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

