Чаткалда алтын кенге байланыштуу 300гө чукул эл митингге чыгып, ал жерге 400 спецназ тартылды




"Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өтүп жатат. Азыр нааразычылык билдирип чыккан 300 тургун болсо, 400дөй спецназ абалды байкап турат" дейт аталган айылдын тургуну Айдайкан Суранова. Тургундардын SUPER.KG порталына билдиришинче, митингге чыгууга башка нерсе да себеп болгон.
"1 ай мурун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну жылкысына кетип жатканда, аны түрктөрдүн фирмасындагы постту кайтарган адам уруптур. Кийин айылдык балдар барып мушташкан экен. Постту кайтарып жаткан адам жардан кулап, буту сыныптыр. Буга тиешеси бар деп 15 баланы милиция кечээ, 2-декабрда кармап кетти. Азыр алардын ата-энелери Жалал-Абадга кетишти.
"Балдарды бошоткула" деген талап менен аялдар жол тостук. Кийин эле спецназдар келип, бизди таратканга аракет кылышты. Мыйзам түрктөргө эмес, бизге эле иштей береби? Биз "балдарды бошоткула, түрктөр иштебесин" деген талап коюп жатабыз. Азыр жолго боз үй тигилип жатат", - дейт Суранова.
Атын атагысы келбеген дагы бир жергиликтүү жашоочу түрктөрдүн иштешине жашоочулар 100 пайыз каршы экенин билдирди. Маалыматка караганда, алтын казуу максатында келген түркиялык компания 2016-жылдын январынан бери аталган аймакта иш алып барат.
Бул маселе боюнча район башчысынын орун басарына, айыл өкмөт башчысына кайрылып, маселенин экинчи тарабын угууга аракет кылдык. Бирок байланыша алган жокпуз. SUPER.KG порталы экинчи тараптын да версиясын угуп, чагылдырууга даяр.
кошулду
Терек-Сайдагы митинг.


Сокенин камчысын чапсан да кичине адам болчу!!! Кичине ойлончу, ашты иштетип!!!
Мен атамбаевчи да, бакиевчи да эмесмин, аны бут форумчулар билет, аны сен да билесин, эми келип билбеген адам болуп, атамбаевчи деп доорубогун!!!
Мен Атамбаевди сындап жургондо, сен Атамбаевдин камчысын чаап журчусун. Эми Сокенин камчысын чаап журосун уялбай
Эмне иш кылды Жээнбеков акыркы бир жылда кен тармагында, эмне иш кылды?!!
Ансыз да кытайдын мыйзамсыз курулушун лрттоду деп Тогуз-Тороолуктар абакта жатат. Мыйзамсыз курулуш курган кытайлар эркиндикте. Кайра чыгымды толоп бер деп Окмотту омуроолодо... Соке озу кимдин адвокаты?!!
Ошол учун Окмот любой мыйзам бузууга козун жумуп, керек болсо бугункудой адвокаты болуп, оз элине каршы аскер жумшайт. Бул дегени бийликтин оз элине чыккынчылыгы, кастыгы!!!
Анан сенин чонтогуно ар ай сайын акча таштап турган кытай, турктор арызданса, дароо адвокаты болуп элге каршы чыгасын!!! Бирди коргону калыпсын сен, Соке!
2016-жылы мартта Озбекистан аскерлери танк менен Кыргызстан аймагына кирип, чон жолду тосуп, кыргыз жарандарын текшерууго алганда каякта эле 400 спецназын ыя?!!
Жээнбеков ачыгын эле айтпайбы, мен иштеш учун эмес, байлык куроо учун келдим деп, эгер иштоого каалоосу болбогон болсо... Каякты караба Кара-Кулжалыктар, Бакиев учурундагыдай болуп.....
Алтын-кумушту 20 жылдан ашты казганынарга, жуз миндеген тонна алтын казылып, ошонун эсебинен 1 завод, 1 фабрика курулдубу, айтчы?!! Эл тентип кетти го, тентип!!! 90-жж да мынча эл тентибеди эле. Ошончо алтын-кумуш казылып жатат, ошолор кайда кетип жатат ыя, ошонун эсебин берчи?!
Садыр Жапаров бир Кумтордун озунон ошончо мыйзам бузуу, коррупция фактысын аныктап чыкты эле, эмне болду?!! Атамбаев менен Текебаев Темир Сариев башында калп эле комиссия тузумуш болуп, акыры кайра Центерранын арышын чаап чыгышты...