super.kg logo

Түндө "Ош базарында" өрт чыккан. Ал жакта кечээ ширетүү иштери жүргүзүлгөн

 

Бишкек шаарындагы "Ош базарында" 4-декабрга караган түнү өрт чыгып, азыркы тапта жабырлануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аймактык тескөөчүнүн маалыматына ылайык, кечээ базар жабык болгон. Ага себеп санитардык күн болгон. Ошондой эле кечээ өрт чыккан аймакта ширетүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Өрт 70 чарчы метр аянтты чапчыганы маалым. Азыркы тапта жабырлануучуларды милиция бөлүмүнө алып кетишти.

Белгилей кетсек, 4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыккан. Өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.12.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширетүүчү күндүзү иштесе өрт түнү болсо бир ааз чындыкка коошпой турат.
04.12.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп Ош базарды тартып алуунун жолуго. Азыркы ээсида көгөргөн неме экен элди өзүн ойлогон. Молодец камераларды толтуруп коюп таша ким өрттөсө тутуп кама демекчимин азыркы ээсине.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: