super.kg logo

"Бакай Банк" бүткүл өлкө боюнча окуучуларды финансылык сабаттуулукка окутту (видео)

 

29-октябрдан 2-ноябрга чейин "Бакай Банк" мектеп окуучуларынын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу үчүн окуу-тренингдерин өткөрүштү. Компаниянын республиканын аймактарындагы 10 филиалы тең жергиликтүү билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн эшигин ачты. Алар үчүн "Бакай Банктын" кызматкерлери "Адам өзүнүн акчасын финансылык тобокелдери жок эле кантип көбөйтсө болот?" деген темада лекцияларды өтүштү.

Окутуу программасы Акча чогултуунун Бүткүл дүйнөлүк жумалыгынын алкагында өттү. Окутуулар окуучулар арасында акча чогултуу маданиятын көтөрүү жана алардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүүгө арналган. Окуучуларды акча каражатын кантип туура бөлүштүрүү керек, кантип үнөмдөсө болот жана кантип топтосо болот деген суроолордун негизинде окутушкан. Тренингдин жүрүшүндө окуучулар банктын ишмердүүлүгү, Кыргыз жериндеги банк системи боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жоопторун ала алышты. Мындан тышкары мектеп окуучулары үчүн алардын келечекте кайсы кесипке жөндөмдүүлүгүн аныктоочу атайын тест да өткөрүлдү. Алар мындай окутууларга чакырылганына жана жаңы билимге ээ болгондуктарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Окутуунун активдүү катышуучуларына кызыктыруучу сыйлыктар - боз үй формасындагы акча сактагыч, калькулятор, түстүү калемсап топтому, түстүү фломастерлер топтому, "Чөнтөктөгү акчаны бөлүштүргүч", "Үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүргүч", "Интернет-брошюра" деген брошюралар тапшырылды.

Мындан тышкары Акча чогултуунун Бүткүл дүйнөлүк жумалыгында "Бакай Банк" финансылык жарманкеге да активдүү катышты. Жарманкеде аталган компаниянын кызматкерлери эффективдүү банктык инструменттер тууралуу айтып беришти. Бул тренинг Улуттук Банктын Германиянын аманат кассалар фондунун эл аралык кызматташуусу менен биргеликте өткөрүлдү. "Бакай Банк" өсүп келе жаткан муунга кам көрүү менен жаштар арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатууга өз салымын кошуп жатат.

"Бакай Банк" ААКсынын дареги: Башкы кеңсеси - Бишкек шаары, Исанов көчөсү 77.

Телефон: 0 (312) 61-00-61, уюлдук телефондон :6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11

Социалдык тармактарда:

facebook

Instagram

Twitter

Сайт: www.bakai.kg


"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

"Бакай Банктын" кызматкерлери мектеп окуучуларына акчаны үнөмдөөнү жана чогултууну үйрөттү


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.12.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тейлегендери жакпады гумдан алайын деп кирсем баары бош, акча алайын десем баары эле жалдырашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: